Колл - борбор: 105,1209

Мектеп окуучулары энергетиктердин иши менен таанышты

18 Февраль 2026 ж.

Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин 8-классынын окуучулары «КУЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты.

 Экскурсиянын жүрүшүндө ишкананын директору Н. Мамадалиев жана башкы инженер И. Турмаматов окуучуларга мекеменин негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат берип, электр энергиясын кабыл алуу, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз жеткирүү процесси кандай уюштуруларын түшүндүрдү. Ал энергетика тармагындагы жоопкерчилик, тактык жана коопсуздук талаптары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

 Окуучулар ишкананын негизги бөлүмдөрү менен таанышып, ыкчам диспетчердик кызматтын суткалык режими, электр тармагындагы авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү тартиби тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү, кызматкерлердин күнүмдүк милдеттери жана өндүрүштүк коопсуздук эрежелери боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.

 Окуучуларга өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмаларын манекендин жардамы менен көрсөтүп беришти. Окуучулар электр тогу урганда же башка кырсык учурларында туура аракет көрүү боюнча баалуу маалымат алышты.

 Мындан тышкары, окуучулар трансформатор оңдоочу цехке баш багып, жабдууларды текшерүү, оңдоо жана калыбына келтирүү процесси менен таанышышты. Окуучуларга трансформаторлордун иштөө принциби, алардын электр энергиясын туруктуу жеткирүүдөгү ролу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

 Мындай тааныштыруу иш-чаралары жаш муундардын техникалык адистиктерге болгон кызыгуусун арттырып, энергетика тармагындагы кесиптердин маанисин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт.