Сүлүктү шаарында акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери башталды
28 Август 2026 ж.
Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТинде акылдуу электр эсептегичтерин(АСКУЭ) орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга карата Сүлүктү РЭТ ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери пландалган болсо, бүгүнкү күнү 458 даанасы орнотулду.
Бул эсептегичтер Сүлүктү электр тармактарынын бардык калк керектөөчүлөрүнө этап-этабы менен орнотулат.
Белгилей кетсек, АСКУЭ эсептегичтерин сатып алуу абоненттердин эсебинен жүргүзүлбөйт. Эсептегичтин өзү жана аны орнотууга байланыштуу бардык чыгымдар толугу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эсебинен каржыланат.
АСКУЭ - электр энергиясын так эсепке алууга, жоготууларды азайтууга жана энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадам.