Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырманын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын 220/110/35/ кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты узгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу максатында 9 айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды.
Жыл башынан бери 44 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордон кезектеги оңдоп тузөөдөн, 5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.
Аны менен катар 2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында облус аймагына 5 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду.
Алар:
1. Лейлек районундагы 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордону 16 000 кВАдан 40 000 кВАга
2. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы 35/10 кВ “Животноводческая” көмөк чордону 10 000 кВАдан 16 000 кВАга
3. Лейлек районунун Раззаков шаарындагы 35/10 кВ “Исфана” көмөк чордон
6 300 кВАдан 10 000 кВАга
4. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы 35/10 кВ “Уч-Коргон” көмөк чордон 4 000 кВАдан 6 300 кВАга
5. Кадамжай районунун Күлдү айылындагы 35/10 кВ “Кульдинская” көмөк чордон
2 500 кВАдан 4 000 кВАга жогорулатылды.