Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкери “Даткайым” төш белгиси менен сыйланды

19 Май 2026 ж.

“Энелер күнүнө” карата “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын кесиптик бирлигинин төрайымы, энергетика тармагында көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар кызматкер Уразбаева Гулмира Караевна коомдун өнүгүшүнө, эмгек жамаатынын ынтымагын бекемдөөгө жана энергетика тармагына кошкон салымы үчүн “Бактынур продюсердик борбору” коомдук фонду тарабынан “Даткайым” төш белгиси менен сыйланды.

Бул сыйлык — аялзатынын коомдогу ордун, үзүрлүү эмгегин жана эл үчүн кылган кызматын баалоонун белгиси болуп саналат.

Гулмира Караевна көп жылдан бери энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип, кесиптик бирлик тармагында да кызматкерлердин укуктарын коргоо, социалдык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү жана жамааттын ынтымагын бекемдөө багытында активдүү иш алып барып келет.

 

Баткен электр тармактар ишканасы Уразбаева Гулмира Караевнаны алган сыйлыгы менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайт.