Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери 19-октябрь кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнүнө карата сыйланышты

17 Октябрь 2025 ж.

Кыргызстанда 19-октябрь  Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө белгиленип келет. Бул маанилүү датага карата "Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы  Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан коомдук иштерге активдүү катышкан, өз ишинде жогорку жыйынтыктарга жетишкен жана ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул сыйлыктар кызматкерлердин эмгегине болгон сый-урматтын жана алардын ишке болгон берилгендигинин символу болуп саналат. Ошондой эле, мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын чыңдоого, ар бир кызматкерди ишке шыктандырууга жана кесиптик өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Сыйлык алган кызматкерлер:

1. Манапова Анара Маматураимжановна -Кызыл-Кыя РЭТнын иш кагаздарын жүргүзүүчүсү.

2. Абдилай уулу Султанбек -Лейлек РЭТнын электр энергиясын сатуу инженери.

3. Жакыпова Чолпон Калмурзаевна -Кадамжай РЭТнын тейлөө борборунун жетектөөчү адиси.

4. Халматов Алмазбек Авазбекович - Сүлүкү РЭТнын инспектору.

5. Урозбаев Абдулахат Усманжанович - Баткен РЭТнын "Баткен" бөлүмүнүн электр куроочусу.

6. Исмаилов Талантбек Нажимидинович - 35/10 кВ "Yч-Коргон" көмөк чордонунун нөөмөтчү электр куроочусу.

7. Сатанбаев Нурбек Асылбекович - КЧКнын "Баткен" тайпасынын электр эпкери

8. Исманали уулу Бектемир - ЖЧАТ кызматынын "Сүлүктү" барчасынын   электр куроочусу.

9. Жолдошова Манзира Умаровна -Баткен ЭТИнын тазалоочусу.

10. Калилов Акжол Ысманалиевич –Курулуш-монтаждоо бөлүмүнүн жетекчиси