Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын кызматкерлери окуудан өтүштү

13 Ноябрь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын окуу борборунда кызматкерлердин кесиптик билимин жана чеберчилигин жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз окутуу иш-чаралары өткөрүлүп келет.

Бул ирет окуу курсу жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын электр эпкерлери  үчүн уюштурулду. Окуутууга Сүлүктү, Баткен, Кызыл-Кыя тайпасынан электр эпкерлери катышып,  өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактоо, жаңы технологияларды колдонуу жана сапаттуу монтаж иштерин жүргүзүү боюнча билимдерин тереңдетишти.

Окутуунун жүрүшүндө адистер заманбап шаймандар менен иштөөнүн ыкмаларын үйрөнүшүп, линияларды тейлөөдө жана оңдоодо электр энергиясынын  жоготууларын азайтуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Окуу борборунун жетекчисинин айтымында, мындай курстар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү менен катар,  элге туруктуу жана үзгултүксүз электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга да өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, мындай окутуулар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын окуу борбору менен  биргеликте Баткен электр тарамактар ишканасынын тузүлгөн  план-гафигинин негизинде ай сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.