Электр энергиясы менен керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин күчөтүү максатында «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан Баткен электр тармактар ишканасына 5 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын 2026-жылга карата капиталдык курулуш, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана энергетикалык объекттерди модернизациялоо программасынын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, жалпысынан 5 даана заманбап атайын техника пайдаланууга берилди.
Алар:
Жаңы техникалар авариялык кырдаалдарды тез арада жоюуга, электр чубалгыларын жана көмөк чордондорду оңдоо иштерин сапаттуу аткарууга жардам берет. Ошондой эле курулуш жана жаңылоо иштерин өз убагында бүткөрүүгө шарт түзөт. Техникалардын жаңыланышы кызматкерлердин ишин жеңилдетип, коопсуз жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.