Колл - борбор: 105,1209

Сүлүктү РЭТи күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн 6 айдын жыйынтыгы боюнча техникалык тейлөө, оңдоо иштерин толугу менен аткарды

5 Август 2025 ж.

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилин  үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында  “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасыныны Сүлүктү райондук электр тармактары  тарабынан  6 айдын жыйынтыгы менен алдын ала пландалган оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштеринин бардыгы ийгиликтүү аткарылды.

 

📌 Аткарылган негизги иштер:

             6-10 кВ аба чубалгылары — 53,17 км 100% аткарылды

             0,4 кВ аба чубалгылары — 178 км 100% аткарылды

             10/6/0,4 кВ көмөк чордондорунун тейлөөсү — 50 даана 100% аткарылды

             Капиталдык оңдоо (КЧ) — 10 даана көмөк чордону 100% аткарылды

 

Самат айылындагы көмөк чордону толугу менен жаңыртылды

2025-жылдын июлунда Лейлек районунун Самат айылында жайгашкан КТП-023 "Самат" 10/0,4 кВ 250 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордону жаңы, заманбап жана техникалык талаптарга жооп берген ГКТП-10/0,4 кВ 400 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордонуна  алмаштырылды

Бул жаңы жабдуу:

Заманбап технология менен жабдылган

Аймактагы социалдык объектилерди жана жашоочуларды туруктуу электр энергия менен камсыздайт

 

 

2025-жылдын 1-августунан тартып, Сүлүктү РЭТи төмөнкү айылдарды да электр энергиясы менен камсыздоону баштады:

📍 Кулунду айыл аймагы

📍 Жаңы-Жер айыл аймагы

📍 Кең-Талаа айыл аймагы

Буга чейин жогорулагы айыл аймактар  Лейлек РЭТ тарабынан электр энергиясы менен камсыздалып келген.

Бул иштер Кыргызстан улуттук электр тармактары ААКнын жана Баткен электр тармактар ишканасынын расмий буйруктарынын негизинде жүргүзүлүүдө.