"Суу-Башы" көмөк чордонунун курулушуна дем берүүчү биримдик: Баткен электр тармактар ишканасынын ишембилиги
13 Сентябрь 2025 ж.
“КУЭТ” ААКнун филиалы Баткен электр тармактар ишканасында бул жолу өткөрүлгөн ишембилик иш-чарасы адаттагыдан өзгөчөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени, ишкананын ынтымактуу эмгек жамааты жаңыдан курулуп жаткан "Суу-Башы" көмөк чордонунун курулушуна чын ыкласы менен көмөк көрсөтүштү.
Баткен шаарынын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулушу соңуна чыгып баратат. Бул масштабдуу долбоор жакынкы аралыкта толук ишке берилет.
“Суу-Башы” көмөк чордону Баткен шаарынын жаңы конуштарын жана ири социалдык-экономикалык объектилерин электр энергиясы менен камсыздоодо чечүүчү роль ойнойт. Аталган объект ишке киргизилгенден кийин, Баткен шаарында курулуп жаткан “Жаңы Достук” айылы, 800 гектар жер тилкесине курулуучу “Баткен-Сити” шаарчасы, Асман-1, Асман-2 мамлекеттик ипотекалык үйлөр, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадион ошондой эле Чет-Булак кварталындагы турак жайларды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүлөт.