Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты кезектеги ишембиликке чыкты

20 Сентябрь 2025 ж.

Бүгүн, Улуттук тазалык күнүнө карата “КУЭТ” ААКнун филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты коомдук иштерге жигердүү катышып, кезектеги ишембиликти өткөрүштү. Массалык тазалоо иштери өлкөбүздүн бардык аймактарында бир убакта уюштурулуп, Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери да өздөрүнө бекитилген аймакты – Баткен шаарынын Сайдыман Ажы көчөсүндөгү тилкени жана ишкананын айланасын таштандыдан арылтып, санитардык абалды жакшыртуу, тазалоо иштерин аткарышты.

Аны менен катар ишембиликке Баткен райондук электр тармагынын эмгек жамааты да катышып, өздөрүнө бөлүнгөн аймакты таштандылардан арылтып, тазаалоо иштерин жүргүзүштү.

Бул иш-чара аркылуу Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты коомчулукту тазалыкты сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого чакырып, жарандык жоопкерчиликтин жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүштү