Колл - борбор: 105,1209

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлык менен тааныштыруу боюнча иш чаралар уюштурулду.

14 Февраль 2025 ж.

Бүгүн «Кыргызстан УЭТ» ААКтын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасында Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаевтин жетекчилиги менен "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде жыйын болуп өттү.
 
Жыйында мекеме кызматкерлерине «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлык менен тааныштырып, кызматкерлерге бул жарлыктын ар бир пунктунда көрсөтүлгөн маселелерге маани берип, күнүмдүк турмушта колдонуу менен Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө салым кошуусу тууралуу кенен айтылды.
 
Аталган иш-чара Баткен электр тармактары ишканасынын ар бир райондук электр тармактар ишканаларында да өткөрүлдү.