Колл - борбор: 105,1209

Баткенде жогорку чыңалуудагы жалпы 1400 км аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

13 Февраль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан 220/110/35 кВ аба чубалгыларында масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

2026-жылга каралган план-графикке ылайык:

·         20 км аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;

·         1380 км аба чубалгы кезектеги (пландуу) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

 Аталган иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Оңдоп-түзөө иштери Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында жүргүзүлөт.

 Учурда жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын Сүлүктү участогунда 110 кВ «Ходжа-Бакирган–Арка» жана 110 кВ «Арка–Морская» аба чубалгыларында жалпы 7 км аралыкта пландуу оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул иштердин алкагында эскилиги жеткен 190 даана изолятор жаңысына алмаштырылат. Мындан тышкары, изоляторлор менен бирге линиялык арматуралар да жаңыланып, техникалык талаптарга жооп берген заманбап жабдуулар орнотулат.

 

Бул иштердин негизги максаты — электр энергиясын керектөөчүлөргө ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу, авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу, техникалык жоготууларды азайтуу жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалын жакшыртуу болуп саналат.

 Белгилей кетсек, 2025-жылда Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изолятор толугу менен  жаңысына алмаштырылып, 7513  даана жаңы айнек  изоляторлор койулду. 1264,75 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кезектеги оңдоп-түзөөдөн ал эми 134,6  км аба чубалгылар  капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.