Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан белгиленген иштер планга киргизилип, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген.
Ага ылайык, жабдууларды жаңылоо жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, Баткен электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты жогорку деңгээлде көрүүдө. Бул иштердин алкагында облус аймагында эскирген алюминий зымдарды заманбап СИП — өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 2025-жылы Баткен облусу боюнча 43,45 чакырым алюминий зымдарын СИП кабелдерге алмаштыруу пландалса, учурда анын 31,34 чакырымы толук тартылып бүткөрүлдү.
Тактап айтканда 0,4-6/10 кВ аба чубалгыларында:
• 13,6 чакырым СИП зымы капиталдык курулуш иштеринин алкагында жаңы курулуду.
• 17,7 чакырым алюминий зым реконструкцияланып СИП-2 кабелине алмаштырылды.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин кошумча 12,11 чакырым СИП зымдарын орнотуу пландалууда.
Ошондой эле, иштин сапатын арттыруу жана электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Баткен облусундагы эски жыгач мамылар да жаңыланууда. Бүгүнкү күндө 585 даана жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан бул иштер калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган ири жаңылануулардын бири болуп саналат. Мындай чаралар электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, авариялык кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле электр энергиясынын жоготууларын кыскартып, облус тургундары үчүн үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздайт.