Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жанылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан белгиленген иштер планга киргизилип, "Кыргызстан УЭТ" ААкнын директорлор кенеши тарабынан бекитилген. Ага ылайык, Баткен шаарынын энергетикалык инфраструктурасын жакшыртуу жана электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулуш иштери жигердүү жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө курулуш аянтчасында иштер үзгүлтүксүз улантылып, ишкананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дем алыш күндөрү да, биргелешип эмгектенүүдө. Ар бир адис өз милдетине жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылып, курулуштун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшүнө салым кошууда.
Белгилей кетсек, бул энергетикалык объект Баткен шаарында курулуп жаткан “Жаңы Достук” айылын, 800 гектар жер тилкесине курулуучу “Баткен-Сити” шаарчасын, Асман-1, Асман-2 мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү, жакында курула турган орус мектепти, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадионду, Чет-Булак кварталындагы турак жайларды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону максат кылат.
Баткен электр тармактар ишканасы мындан ары да энергетикалык системаны жаңылоо, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу боюнча иштерин улантат.