Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасынын 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы тарабынан пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында төмөнкү 5 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү:
Капиталдык оңдоонун алкагында көмөк чордондордун негизги жана көмөкчү жабдуулары жаңыланып, эскирген тетиктер алмаштырылып, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгү жогорулатылды.
Мындан тышкары, 22 көмөк чордон пландуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, күч трансформаторлору, өчүргүчтөр, ажыраткычтар, релелик коргоо жана автоматика жабдуулары текшерилип, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Ошондой эле жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында профилактикалык иштер аткарылып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чаралары күчөтүлдү.
Жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана тейлөө иштери электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Алдыда бекитилген графикке ылайык көмөк чордондордо оңдоо жана жаңылоо иштери улантылат.