“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында 19–20-май күндөрү Кыргызстандын энергетикалык системасынын ыкчам диспетчердик кызматынын жетекчи кызматкерлери үчүн республикалык семинар-кеңешме өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан энергетика тармагынын өкүлдөрү, оперативдүү-диспетчердик кызматтардын жетекчилери жана адистери катышууда. Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын КДЦ “Энергия” борборунун жана Тажикстан Республикасынын энергетика тармагынын өкүлдөрү да катышып, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу жүргүзүлүүдө.
Семинар-кеңешменин негизги максаты — Кыргызстандын энергосистемасынын туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыздоо, 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана алдыдагы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча милдеттерди аныктоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар:
— оперативдүү-диспетчердик кызматтардын ишмердүүлүгү;
— энергосистемадагы жүктөмдөрдү жөнгө салуу;
— электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу;
— көмөк чордон жана жогорку чыңалуудагы тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
— авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам аракеттенүү;
— заманбап жабдууларды пайдалануу жана санариптештирүү маселелери боюнча баяндамаларды угушат.
Ошондой эле семинардын алкагында катышуучулар Баткен электр тармактар ишканасынын оперативдүү-диспетчердик кызматынын иши менен таанышып, 220/110/10 кВ “Айгүл-Таш”, 110/35/10 кВ “Суу-Башы” жана 220/110/10 кВ“Алай” көмөк чордору менен жеринде таанышып чыгышат.
Иш-чара энергетика тармагындагы адистердин өз ара тажрыйба алмашуусун күчөтүп, аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.