Колл - борбор: 105,1209

Баткенде электр энергияны үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

22 Октябрь 2025 ж.

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, ички керектөөнү камсыз кылуу жана Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Баткен облусунун район, шаарларынын аймагында кеңири масштабдагы  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын адистери жеке ишкерлер, соода жана кызмат көрсөтүү жайлары, коомдук тамактануучу жайлрдын ээлери менен жолугушуп, электр энергияны натыйжалуу пайдалануунун мааниси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 Баткен электр тармактар ишкансынын жана райондук электр тармакттарынын кызматкерлери электр энергияны туура пайдалануу — бул ар бир жаран менен ишкердин экономикалык кызыкчылыгын гана эмес, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы экенин баса белгилешти.

 Алар соода түйүндөрүндө жана кызмат көрсөтүү жайларда жарык жана электр жабдууларын пайдаланууда жөнөкөй, бирок натыйжалуу ыкмаларды колдонуу, мисалы, кыймыл датчиктерин, автоматтык өчүргүчтөрдү, таймерлерди орнотуу сыяктуу сунуштарды беришти. Ошондой эле, эски, энергия көп сарптаган лампаларды LED лампаларга алмаштыруу, ашыкча электр жылытуучу приборлорду өчүрүү жана жарыктандыруу тармактарын убакыт боюнча жөнгө салуу боюнча да практикалык кеңештер берилди.

 Мындан сырткары, адистер ишкерлерге күн панелдерин жана кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле электр энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик жана корпоративдик программалар тууралуу маалымат беришти.

 Түшүндүрүү иштеринде төмөнкү сунуштар баса белгиленди:

  • Имараттардын жарыктандыруусунда кыймыл датчиктерин, таймерлерди жана фоторелелерди колдонуу;
  • Иш убактысынан тышкары жана зарылчылык болбогон учурда электр шаймандарын жана жарыкты өчүрүү;
  • Объекттердин электр энергиясына болгон муктаждыгын күн панелдерин жана башка кайра жаралуучу энергия булактарын орнотуу аркылуу камсыз кылуу;
  • Маанилүү социалдык объектилердин жана магистралдык жолдордун жарыктандыруусун оптималдуу режимде иштетүү;
  • Түнкүсүн кошумча көчөлөрдөгү жарыктандырууларды саат 01:00дөн 05:00гө чейин чектөө;
  • Имараттардын, витриналардын жана билборддордун жарнамалык жарыктарын түнкүсүн өчүрүү.

 Баткен электр тармактар ишканасы калкты электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна салым кошууга чакырат.

 Белгилей кетсек, мындан ары да электр энергияны үнөмдөөнүн зарылдыгы жана мааниси тууралуу түшүндүрүү иштери облустун баардык район, шаарларында улантыла бермекчи.