Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында энергетика тармагын модернизациялоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан ири реконструкциялык иштер башталды.
Тактап айтканда, 1964-жылдан бери пайдаланылып келген, бүгүнкү күндө техникалык жактан эскирген 35 кВ «Кызыл-Кыя-2 – Үч-Коргон» аба чубалгысын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Узак жылдар бою эксплуатацияда болгондуктан, аба чубалгынын айрым тилкелери физикалык жактан эскирип, өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн. Мындан тышкары, акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө байланыштуу электр энергиясына болгон жүктөм да көбөйүп, аба чубалгыны модернизациялоо зарылдыгы жаралган.
Учурда №11–45 таянычтар аралыгында 6,2 км эскирген АС 70/11 үлгүсүндөгү өткөргүчтөр заманбап, жогорку өткөрүмдүүлүккө жана ишенимдүүлүккө ээ АС-120/19 өткөргүчтөрүнө этап-этабы менен алмаштырылууда. Бул чара электр энергиясын жоготууларды азайтып, линиянын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун алкагында:
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармагынын техникалык абалын жакшыртып, анын ишенимдүүлүгүн арттырууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.