Колл - борбор: 105,1209

БАТКЕНДЕ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 5916 ДААНА ЭСКИ ИЗОЛЯТОР ЖАҢЫЛАНДЫ

24 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан белгиленген иштер планга киргизилип, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген.

 Ага ылайык, жабдууларды жаңылоо жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, Баткен электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты жогорку деңгээлде көрүүдө.

 Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 35/110/220 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изоляторлорду жаңысына алмаштырууну пландаган. Бүгүнкү күндө анын 5916 даанасы айнек изоляторлорго алмаштырылды. Жыл башынан бери жогору чыңалуудагы аба тармактар кызматында 950 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлcө, 122 км аба чубалгылар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.