“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Баткен шаарындагы мектептерде электр коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — окуучулар арасында электр жаракаттарынын алдын алуу, электр тогунун адам өмүрүнө тийгизген коркунучу тууралуу маалымат берүү жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакыруу болуп саналат.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ишкананын коопсуздук боюнча адистери окуучуларга:
— электр жабдууларына жакындабоо;
— үзүлгөн электр зымдарын кармабоо;
— трансформатордук көмөк чордон жана электр мамыларынын жанында ойнобоо;
— кооптуу аймактардагы эскертүү белгилерине көңүл буруу;
— үй шартында электр приборлорун коопсуз пайдалануу сыяктуу маанилүү эрежелер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле окуучуларга электр тогунун адам организминин тийгизген таасири жана коопсуздук эрежелерин сактабаган учурда келип чыгуучу коркунучтар тууралуу атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Адистер тарабынан электр коопсуздугу боюнча пайдалуу кеңештер берилип, кооптуу кырдаалда кандай аракет көрүү керектиги түшүндүрүлдү.Айрыкча жайкы каникул мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындай профилактикалык иштер мындан ары да улантылмакчы.
Баткен электр тармактар ишканасы ата-энелерди, мугалимдерди жана жалпы жарандарды балдарга электр коопсуздугу эрежелерин дайыма эскертип турууга чакырат.