Колл - борбор: 105,1209

Баткенде быйыл 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

6 Февраль 2026 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы жалпы 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

 Атап айтканда, 220/110/10 кВ “Алай” көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, ачык бөлүштүрүү түзүмүндөгү (ОРУ) жабдууларды жерге туташтыруу контуру толугу менен жаңыланат.  110/35/6 кВ “Арка”, “Жин-Жиган” көмөк чордондарунда трансформатор 110 кВ воддорго  алмаштырылат. 35/6 кВ “Сүлүктү” көмөк чордонунда калпан тибиндеги тоскучтар (РВС) 35 кВ толкундуу өчүрүчтөргө (ОПН) алмаштырылат. 6–10 кВ чыңалуудагы майлуу өчүргүчтөрдү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу иштери 8 объектте жүргүзүлөт. Алар  “Жин-Жиган”, “Кадамжай”, “Тамаша”, “Халмион”, “Исфана” көмөк чордондору.

 Мындан тышкары, электр тармактарындагы эсептөө, коргоо жана контролдоо системаларынын тактыгын жогорулатуу үчүн “Металлургический”, “Үч-Коргон”, “Тынчтык”, “Халмион”, “Исфана”, “Жин-Жиган”, “Раззаков” “Рават”, “Оржаникитзе”, “Тамаша”, “Ак-Турпак” көмөк чордондарында:

  • 35 кВ жана 10 кВ ток трансформаторлору (ТТ),
  • 35 кВ жана 10 кВ антирезонанстуу чыңалуу трансформаторлору (ТН)
    этап-этабы менен алмаштырылат.

 

110/35/6 кВ“Кадамжай”, “Кызыл-Кыя” жана “Металлургический көмөк чордондарында эскирген май өчүргүчтөр элегаздуу өчүргүчтөргө, 35/10 кВ  “Марказ”, 35/6 кВ  “Шамирова” көмөк чордондарында эскилиги жеткен май менен иштөөчү өчүрүп жандыргычтар заманбап вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга алмаштырылат. Бул жабдуулар электр энергиясын бөлүштүрүүдө жогорку ишенимдүүлүктү камсыз кылып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга шарт түзөт.

 Белгилей кетсек, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишкансынын көмөк чордондор     кызматында 220/110/35/10 жогорку чыңалуудагы 51 көмөк чордон бар. Алар:

220/110/ 35 кВ көмөк чордон - 2даана

110/35/10 кВ көмөк чордон -15 даана

35/10/6 кВ көмөк чордон -34 даана