Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында "КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасында 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө жана эски жабдууларды жаңылоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Учурда жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 110кВ “Айгүл-Таш-Центральная” аба чубалгысында кезектеги оңдоп түзөө иштери кызуу уланууда. Жалпы узундугу 45 чакырымдан ашуун аба чубалгысында 485 дана фарфор изолятор, айнек изоляторго алмаштырылды. Аны менен катар бириктиргич арматуралар, эскилиги жеткен тетиктер да жаңысына алмаштырулууда.
Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 35/110/220 кВ аба чубалгыларында 7266 даана эскирген изоляторлорду жаңысына алмаштырууну пландаган. Бүгүнкү күндө анын 5450 даанасы айнек изоляторлорго алмаштырылды. Жыл башынан бери жогору чыгалуудагы аба тармактар кызматында 890 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми 112 км аба чубалгылар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Андан сырткары аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар кесилип, авариялык өчүрүүнүн алдын алуу жумуштары жасалууда
Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү участокторун камтыйт. Бул багытта 30 кызматкер жалпы узундугу 1400 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын күнү-түнү үзгүлтүксүз тейлеп, калкты туруктууу электр энергиясы менен камсыз кылууга салым кошуп келишет.