Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын жана электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунун аймагында 54 587 даана (АСКУЭ) акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.
Акылдуу эсептегичти ортонотуу иштери Баткен электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.
Облус ичиндеги райондорго төмөнкүдөй көрсөткүчтө орнотуу иштери жүргүзүлөт:
• Кызыл-Кыя райондук электр тармагы- 10 150 даана
• Кадамжай райондук электр тармагы – 14 530 даана
• Лейлек райондук электр тармагы – 14 105 даана
• Сүлүктү райондук электр тармагы – 15 193 даана
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 130 668 абонент катталган. Анын ичинен:
• 121 149 — калк абоненттери,
• 9 519 — калк эмес абоненттер.
Белгилей кетсек, 2024-2025-жылга карата облус боюнча жалпы 62 085 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду. Тактап айтканда облустун Баткен району, Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен камсыздалды.
Бул ири масштабдуу долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан ишке ашырылууда. Негизги максаты — өлкөнүн энергетикалык тармагын модернизациялоо, санариптик башкаруу системасын өркүндөтүү жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.