Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Баткен облусунун аймагындагы 35/6 кВ жана 35/10 кВ болгон 8 көмөк чордондо эскилиги жеткен, 10 кВ май менен иштеген өчүрүп-жандыргычтар толугу менен заманбап вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга алмаштырылды.
Тактап айтканда, 35/6 кВ “Чаувай” көмөк чордонунда В-6 кВ “РЭШ-22, “Школа”, “Завод” жана “Участок” багыттарындагы жана 35/6 кВ “Насосная – Кулунду” көмөк чордонунда В-6 кВ “Т-1”, “АГ-1” жана “АГ-22 багыттарындагы май менен иштеген эски өчүрүп-жандыргычтар алынып, ордуна жаңы муундагы 10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтар орнотулду.
Ошондой эле:
· 35/10 кВ ”Кара-Булак” (Лейлек) көмөк чордонунда В-10 кВ “Белес” жана “Боз-Тумшук” багыттарындагы;
· 35/10/6 кВ “Достук” көмөк чордонунда В-10 кВ “Нефтопром” жана “Достук” багыттарындагы өчүрүп-жандыргычтар жаңы 10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга алмаштырылды.
Мындан тышкары, 35/10 кВ “Кара-Булак” (Баткен) жана 35/10 кВ “Марказ” көмөк чордондорунда ОДКЗ-35 кВ Т-1 жабдуусунун ордуна жаңы 35 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтар орнотулду.
Ал эми 110/35/10 кВ “Самат” жана 35/10 кВ “Сүлүктү” көмөк чордондорунда аккумулятор батареялары жаңы үлгүдөгү аккумулятор батареяларына алмаштырылды.
Алдыда 35/10 кВ “Кара-Токой-1” көмөк чордонунда В-10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарды орнотуу иштери пландалууда.
Бул иштер 2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында электр энергиясын берүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган.
Белгилей кетсек, жаңыланган вакуумдук өчүргүчтөр заман талабына ылайык иштелип чыккан, өрт коркунучу жок, ишенимдүүлүгү жогору жана тейлөө чыгымдары кыйла аз. Мындай модернизациялоонун натыйжасында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, Баткен облусунун энергетикалык коопсуздугу дагы да бекемделет.