Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунда электр тармактарын жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштери башталды

13 Март 2026 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмасынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында кезектеги оңдоп-түзөө жана электр жабдууларын жаңылоо иштерин баштады.

 Быйыл Баткен облусу боюнча электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар ири иштер аткарылат.

🔹 6-10/0,4 кВ трансформаторлор боюнча:

·         284 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;

·         1632 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

 🔹 6-10/0,4 кВ аба чубалгылары боюнча:

·         1538 км аба чубалгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;

·         3847 км аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

·   

🔹 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында:

·         Жалпы 1400 км аба чубалгы текшерүүдөн өткөрүлүп, анын ичинен

o    20 км капиталдык оңдоодон,

o    1380 км кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;

·         Ошондой эле 8772 даана жаңы айнек изоляторлор орнотулат.

 

🔹 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор боюнча:

·         45 даана көмөк чордон кезектеги оңдоп-түзөөдөн ;

·         5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунун аймагында 54 587 даана (АСКУЭ) акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, облустун бир катар аймактарында 32 км СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр тартылат.

Бул иштердин негизги максатыэлектр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, техникалык жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө жана электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга багытталган.