7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаевдин атайын буйругунун негизинде Баткен облусунда эл үчүн тынымсыз иштеп, энергетика тармагындагы жаңылыктарды чагылдырууда жигердүү салым кошуп келген журналисттерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ыраазычылык кат менен Баткен облустук «Баткен Таңы» коомдук саясий гезитинин жана «Салам Медиа» радиосунун эмгек жамааттары сыйланышты.
Ал эми ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын, УТРК Ала-Тоонун жана УТРК Баткендин кабарчылары ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү эмгегине жогору баа берди. Ошондой эле маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташып, тармактагы иштерди чагылдырууда көрсөткөн жигердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.