Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунда Республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү

12 Март 2026 ж.

2026-жылдын 11–13-март күндөрү Баткен облусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” (сел, суу ташкындары) аталышында республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү.

 Аталган машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Жарандык коргонуунун башчысы С. Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун даярдык планынын негизинде уюштурулду.

 Машыгуунун ачылышында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюуда кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталганын белгиледи.

 Машыгуунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилип, калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, убактылуу жайгаштыруу пункттарын уюштуруу, ошондой эле күч-каражаттардын жана материалдык-техникалык ресурстардын даярдыгын тактоо боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

 Команда-штабдык машыгуунун максаты төмөнкүлөрдү камтыйт:

·         Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын иш-аракеттерин уюштурууну текшерүү;

·         Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;

·         Жабыркаган жарандарды кабыл алуу жана коопсуз аймактарга жайгаштыруу;

·         Калкты жана аймактарды табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча практикалык иштерди уюштуруу;

·         Тартылган күч жана каражаттарды башкаруу жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү;

·         Машыгууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

Ошондой эле иш-чараны уюштурууга КР Энергетика министрлигинин биринчи секторунун жетектөөчү адиси Туратбай Уметов жана “КУЭТ” ААКнын биринчи бөлүмүнүн башчысы Данияр Байтобетов,  Баткен электр тармактар ишканасынын директору Нурлан Мамадалиев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, жарандык коргонуу кызматтары жана ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү тартылды.

 Мындан сырткары аталган машыгууга даярдык көрүү максатында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине алдын ала Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругунун негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Түшүндүрүүнүн жүрүшүндө КР Энергетика министрлигинин биринчи секторунун жетектөөчү адиси Туратбай Уметов министрликтин тиешелүү буйругу менен тааныштырып, машыгуунун негизги максаты жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган учурда жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын жогорулатуу, башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

 Мындан тышкары, “КУЭТ” ААКнын биринчи бөлүмүнүн башчысы Данияр Байтобетов кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдар учурунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат берип, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмалары, коопсуздук эрежелерин сактоо жана кырсык болгон учурда туура аракеттенүү тууралуу түшүндүрмө берди.

 Белгилей кетсек, мындай  машыгуулар өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так чечим кабыл алуу, кызматтардын координациясын күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.