Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформаларын ишке ашыруу жана электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу багытындагы иштердин алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы 2025-жылдын башынан бери ири көлөмдөгү иштерди жүргүзүп келет.
Жыл башынан тарта облус боюнча 43 685 даана АСКУЭ акылдуу эсептегичтер орнотулду.
Райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүчө:
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 128 600 абонент катталган. Анын ичинен:
2025-жылга карата облус боюнча жалпы 43 685 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган болсо, бүгүнкү күндө планга киргизилген (АСКУЭ) электр эсептегичтер баары орнотулуп бүттү. Тактап айтканда облустун Баткен району жана Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен камсыздалды.
Белгилей кетсек, бул ири масштабдуу долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — өлкөнүн энергетикалык тармагын модернизациялоо, санариптик башкаруу системасын өркүндөтүү жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу — бул заманбап технологияларды киргизүү аркылуу:
Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтер керектөөчүлөргө электр энергиясын өз убагында көзөмөлдөөгө, төлөмдөрдү онлайн жүргүзүүгө жана сарптоону оптималдаштырууга да мүмкүндүк берет.