Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого, модернизациялоого багытталган иш пландарынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты узгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу максатында 8 айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды. 41 даана көмөк чордон кезектеги оңдоп тузөөдөн, 5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.
2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында облус аймагына 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Бул иштер “КУЭТ” ААКнын өздүк каражатынын эсебинен каржыланды. Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы 35/10 кВ “Животноводческая” көмөк чордону 10 000 кВАдан 16 000 кВАга
2. Лейлек районунун Раззаков шаарындагы 35/10 кВ “Исфана” көмөк чордон
6 300 кВАдан 10 000 кВАга
3. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы 35/10 кВ “Уч-Коргон” көмөк чордон 4 000 кВАдан 6 300 кВАга
4. Кадамжай районунун Күлдү айылындагы 35/10 кВ “Кульдинская” көмөк чордон
2 500 кВАдан 4 000 кВАга жогорулатылды
Белгилей кетсек, азыркы учурда Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматында жалпы 50 көмөк чордон бар:
· 220 кВ — 2 даана
· 110 кВ — 14 даана
· 35 кВ — 34 даана
Көмөк чордондор кызматынын 141 кызматкери күн-түн дебей, Баткен облусунун калкын үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн үзүрлүү эмгектенип келет.