Колл - борбор: 105,1209

Баткенде 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдер тартылууда

5 Июнь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын өнүктүрүү жана электр энергиясындагы жоготууларды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында эскирген электр жабдууларын жаңылоо иштери этап-этабы менен улантылууда. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында  Баткен облусу боюнча жалпы 60 чакырым чакырым 6-10/0,4 кВ   алюминий зымдарын СИП-2, СИП-3 кабелдерге алмаштыруу пландалса, учурда анын 6 чакырымы тартылып, СИП кабелдерди тартуу жумуштары облустун аймактарында этап-этабы менен аткарылууда. Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

 Тактап айтканда 6-10/0,4 кВ аба чубалгыларында:

  • 10,55 км- СИП 2, 3км-СИП 3 зымы капиталдык курулуш иштеринин алкагында жаңы курулат.
  • 13,47 км-СИП 2, 33 км- СИП 3  алюминий зым реконструкцияланып СИП-2, СИП-3 кабелине алмаштырылат.

 Учурда иштер төмөнкү райондордо аткарылууда:

Сүлүктү РЭТи боюнча жалпысынан  — 15,5 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылат. Бүгүнкү күндө анын 1,7 чакырымы СИП 2 кабелине алмаштырылды.

Лейлек РЭТи боюнча жалпысынан 22,3 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылса, учурда 2 чакырымы бүткөрүлдү.

Кадамжай РЭТи боюнча — 8,39 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу пландалып, учурда 3,40  чакырымы  СИП 2 кабелине алмаштырылды.

Баткен РЭТи боюнча — 12,30 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдери тартылат;

Кызыл-Кыя РЭТи боюнча — 16, 98 км СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин тартуу иштери жүргүзүлөт.

 СИП кабелдерин тартуу иштери электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири болуп жумуштар ноябрь айына чейин уланат. Бул иштер калкты сапаттуу, туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт. Жаңыланган электр чубалгылары тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жардам берет. Мындан тышкары, электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыскартып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө болот.