“Кыргызстан УЭТ” ААКнын окуу борбору тарабынан 2026-жылга карата түзүлгөн план-графиктин негизинде Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында атайын окутуулар башталды.
Аталган окутууларда электр тармактарында коопсуз жана сапаттуу иш алып баруу, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын так сактоо, ошондой эле заманбап ыкмалар менен иштөө багытындагы теориялык жана практикалык билимдер берилүүдө.
Окутууга Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү жана Баткен электр тармактарында эмгектенген электр эпкерлери катышып, өздөрүнүн кесиптик билимин тереңдетүүдө.
Мындай окутуулар кызматкерлердин эмгек коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштөгү тобокелчиликтерди азайтууга жана электр энергиясын керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз, ишенимдүү жеткирүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.