Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди

1 Июнь 2026 ж.

1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо  күнүнө карата «КУЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан кызматкерлердин балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.

 Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар арасында ыр ырдоо, бийлөө жана асфальтка сүрөт тартуу сынактары өткөрүлүп, ар бир катышуучу өзүнүн талантын жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Балдар тарабынан аткарылган ыр-бийлер келген конокторго жагымдуу маанай тартуулап, майрамдын көркүн ачты.

 Асфальтка сүрөт тартуу сынагында катышуучулар бактылуу балалыкты, тынчтыкты, достукту, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана кооз жаратылышты чагылдырган сүрөттөрдү тартышты. Жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери калыстар тарабынан жогору бааланып, алардын чыгармачылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

 Сынактарга активдүү катышкан балдарга жана жеңүүчүлөргө акчалай жана атайын белектер, кызыктыруучу сыйлыктар жана таттуулар тапшырылды. Майрамдын соңунда бардык балдар үчүн дасторкон жайылып, эстеликке сүрөткө түшүү уюштурулду. Мына ушундай эле иш чара Баткен электр тармактар ишканасынын Кызы-Кыя, Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү райондук электр тармактарында да уюштурулду

 Балдар — биздин келечегибиз. Алардын бактылуу өсүп-өнүгүшү, билим алып, ар тараптан жетилүүсү ар бирибиздин негизги милдетибиз болуп саналат. Баткен электр тармактар ишканасы жаш муунга колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо багытындагы иш-чараларды мындан ары да улантат.