Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында селден кийинки тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда

24 Июнь 2026 ж.

2026-жылдын 22-июнунда Баткен районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, анын натыйжасында Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имаратына да сел суулары кирген.

 Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана имараттын иш шарттарын калыбына келтирүү боюнча кеңири масштабдагы тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иштерге Баткен электр тармактар ишканасынын бардык кызматкерлери активдүү катышып, ошондой эле райондук электр тармактарынан кошумча күчтөр тартылган.

 Тазалоо иштеринин алкагында имараттын аймагынан сел алып келген ылай, таштандылар жана башка калдыктар чыгарылып, ирээтке келтирилүүдө. Мындан тышкары, электр жабдууларынын абалы текшерилип, техникалык коопсуздук талаптарына ылайык зарыл чаралар көрүлүүдө.