Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында коомдук угуу болуп өттү

25 Ноябрь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Баткен  электр тармактар ишканасында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан «Электр энергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында  коомдук угуу болду.

  Иш-чарага Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө  аталган долбоордун  өкүлү Астра Жээналиева  акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар,анын ичинде  Баткен облусундагы электр тармактарындагы жүргүзүлгөн жаңылоо иштеринин жыйынтыктары, жаңы көмөк чордондорунун курулушу,  СИП кабелдерди тартуу  өңдүү бир катар  аткарылган иштерге токтолду.

Ошондой эле акыркы жылдары абоненттерге орнотулган акылдуу эсептегичтердин натыйжалары, жоготууларды азайтуу жана электр энергияны туура бөлүштүрүү боюнча жетишкен ийгиликтер тууралуу да баяндалды.

 Аны менен катар иш чарада  бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо,  санариптештирүү, социалдык коргоо системаларын чыңдоо  жана экологиялык жактан анализдөө, зыян келтирбөө шарттары боюнча да айтылды.

 Белгилей кетсек аталган долбоор  КРнын  энергетика министрлигинин "КУЭТ" ААК  тарабынан аткарылууда. 2023-жылы башталып, 2026-жылга чейин уланат. Долбоорлун алкагында республика боюнча 281 трансформатор, 233 км СИП кабель, 66 АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди орнотуу каралган.

 Урматтуу абоненттер!

Эгерде сиздерде «Электр энергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу мезгилинде сунуштар жана суроо-талаптар болсо төмөнкү телефон номери жана электрондук почта аркылуу кайрылсаңыздар болот:

@pmo.kgz@gmail.com

 +996 771 661 223