Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди

19 Март 2026 ж.

 

 “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында 21-март Нооруз майрамы жогорку деңгээлде, өзгөчө шаң менен белгиленди. Майрамдык иш-чарага ишкананын директору Нурлан Мамадалиев баштаган жетекчилик курам, ошондой эле Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын жетекчилери жана эмгек жамааттары активдүү катышты.

 Иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө, улуттук каада-салттарды даңазалоо, ошондой эле Нооруз майрамынын маанисин кеңири жайылтуу болду.

 Майрамдык программа жетекчилердин куттуктоо сөздөрү менен башталып, анда энергетика тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирилип, аларга чың ден соолук, ийгиликтер жана бакубат жашоо кааланды. Салтка ылайык “алас айтуу” жана “буудай чачуу” жөрөлгөлөрү өткөрүлүп, молчулук, береке жана тынчтык тиленди.

 Андан ары иш-чара маданий бөлүк менен улантылып, 5 райондук электр тармактары жана Баткен электр тармактар ишканасы болуп жалпы 6 команда арасында достук мелдеш уюштурулду. Командалар улуттук ырларды аткарып, ар улуттун маданиятын чагылдырган көркөм бийлерди тартуулашты. Катышуучулардын чыгармачылык деңгээли жогору болуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

 Мындан тышкары, улуттук оюндар боюнча да кызыктуу мелдештер өткөрүлдү. Аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу оюндарда катышуучулар күч сынашып, спорттук дух жана биримдик даңазаланды.

 Иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир команда өзүнүн дасторконун өзгөчө жасалгалап, улуттук даамдарды тартуулады. Бул көргөзмө Нооруз майрамынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон кең пейилдикти жана меймандостукту дагы бир жолу далилдеди.

 Жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.

 1-орунду Лейлек райондук электр тармактары,

2-орунду Баткен электр тармактар ишканасы,

3-орунду Баткен райондук электр тармактары жеңип алышты.

 Жеңүүчүлөргө диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

 Бул майрамдык иш-чара энергетика тармагындагы кызматкерлердин ынтымагын чыңдап, улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен бирге, ар бир катышуучуга көтөрүңкү маанай жана жагымдуу таасир калтырды.