22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамына карата “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чара энергетика тармагында талыкпай эмгектенип, өлкөнүн жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан адистерге арналды. Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу, Баткен электр тармактар ишканасынын директору Нурлан Мамадалиев жана энергетика тармагынын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, энергетика тармагы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү, калкты жана өндүрүш тармактарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоодогу маанилүү ролун белгилешти.
Салтанаттын алкагында энергетика тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгү менен айырмаланган мыкты кызматкерлер сыйланышты. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Каарман» төш белгиси, ардак грамоталары жана алкыш барактары менен сыйланышты.
Мындан тышкары, ак ниет жана жигердүү эмгеги, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөрү үчүн Баткен электр тармактар ишканасынын алдыңкы кызматкерлерине «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ардак грамоталары , Баткен электр тармактар ишканасынын ардак грамотасы жана кызматкерлердин кесиптик бирлигинин ардак грамоталары тапшырылды.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, энергетиктердин талыкпас эмгегине болгон ыраазычылык жана сый-урмат менен жыйынтыкталды. Бул майрам энергетика тармагында эмгектенип жаткан ар бир кызматкер үчүн дем берип, мындан ары да жоопкерчиликтүү иштөөгө шыктандырары белгиленди.