2026-жылдын 22-июнунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында сел жүрдү. Табигый кырсыктын натыйжасында электр тармактарынын айрым объектилери жабыркап, бир катар калктуу конуштарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.
Тактап айтканда, 35/10 кВ «Кара-Токой» көмөк чордонунун 1-фидеринен кубат алган Баткен районунун Газ айылындагы КТП-503 «Көк-Терек» жана КТП-213 «Насос Газ» көмөк чордондоруна караштуу электр берүү тармактары селден жабыркаган.
КТП-503 «Көк-Терек» боюнча:
КТП-213 «Насос Газ» боюнча:
Мындан сырткары, КТП-678 «Кара-Булак» тилкесинде сел сууларынын кесепетинен 4 даана электр мамычасы кулап, Кара-Булак айылындагы 17 абонент электр энергиясыз калган.
Жалпысынан селдин кесепетинен 8 даана электр мамычасы, 3 даана траверс жана 380 метр электр өткөргүч зымы жараксыз абалга келген. Натыйжада Газ айылындагы 7 үй жана Кара-Булак айылындагы 17 абонент убактылуу электр энергиясыз калды.
Учурда Баткен райондук электр тармактарынын кызматкерлери тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жабыркаган мамычаларды алмаштыруу, электр өткөргүчтөрдү тартуу жана көмөк чордондордун ишенимдүү иштешин камсыздоо боюнча тиешелүү иштер аткарылып жатат.
Энергетиктер тарабынан электр энергиясын толук калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл болгон атайын техникалар жана материалдар тартылып, керектөөчүлөрдү мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер улантылууда.