Колл - борбор: 105,1209

Бишкекте энергетиктер арасында кичи футбол боюнча тандоо турнири башталды

24 Март 2026 ж.

Бишкекте 23–25-март күндөрү энергетика тармагынын кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча тандоо турнири өтүүдө. Ага Баткен электр тармактар ишканасынын командасы да катышууда.

 Бул иш-чара кызматкерлердин ортосундагы достукту бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзүүдө.

 Жалпысынан мелдешке 10 команда — «КУЭТ» ААКтын борбордук аппараты, филиалдары жана «Электр станциялары» ААКтын өкүлдөрү күч сынашууда.

Турнирдин жеңүүчүсү «Достук» эл аралык мелдешинде Кыргызстандын намысын коргойт.