Колл - борбор: 105,1209

Баткен райондук электр тармагынын Бужум участогуна жаңы имарат курулууда

15 Май 2026 ж.

КР Энергетика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан модернизациялык иштердин алкагында, энергетика тармагын жаңылоо жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү багытында Баткен облусунда бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын  Баткен РЭТинин “Бужум” участогунун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды.

 Бужум участогунун кызматкерлери дээрлик 20 жылга жакын убакыттан бери өздүк имараты жок, ижаралык жайларда иш алып барып келишкен. Эми Баткен районунун Бужум айылында энергетиктер үчүн бардык шарттары каралган жаңы заманбап имарат курулууда. Курулуш иштерин “Триумф Пласт” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы сметалык баасы 8 миллион 371 миң 411 сомду түзүп, жалпы аянты 68,84 м2. “КУЭТ” ААкнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш иштеринин алкагында ишке ашырылууда.

Жаңы имаратта:
• ыкчам жыйындарды өткөрүүчү бөлмөлөр;
• шаймандарды жана техникалык каражаттарды сактоочу
кампа;
• санитардык-гигиеналык түйүндөр;
• автоунаа токтотуучу жай каралган.

 Учурда курулуштун бетон иштери толугу менен аяктап, кийинки этаптагы курулуш иштери уланууда. Бардык иштер КРнын курулуш нормаларына жана техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатат. Имаратты үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүлүп,  пайдаланууга берүү пландалууда.

 Бул долбоор энергетика тармагындагы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу менен бирге, калкка көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, Баткен РЭТинин “Бужум” участогунда бүгүнкү күндө 8 кызматкер эмгектенет. Алар Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын калкын, ошондой эле Баткен шаарынын Келечек, Аэропорт, Чет-Булак жана Достук кварталдарындагы 5000ге жакын абонентти үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында электр тармактарын күнү-түнү көзөмөлдөп, жаралган авариялык өчүүлөрдү ыкчам жоюу, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшөт. Алар кыштын катаал суугуна, жайдын аптаптуу ысыгына жана ар кандай аба ырайынын шарттарына карабастан, элди жарык менен камсыз кылуу үчүн талыкпай эмгектенип келишет.