Колл - борбор: 105,1209

Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери сыйланышты

5 Сентябрь 2025 ж.

31-август КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата  Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн “КУЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасынын бир катар кызматкерлери жогорку баага ээ болушту.

 

Алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменовдун Ардак грамотасы жана Алкыш барагы менен сыйланышты.

 

Бул сыйлык — алардын талыкпас эмгегине, өз ишине болгон жоопкерчилигине жана мекенге болгон кызматтык берилгендигине болгон жогору баа катары эсептелет.

 Сыйлык ээлери:

 

1.      Саттаров Кубанычбек Махпуралиевич- Баткен электр тармактар ишканасынын ЖЧ кызматынын жетекчисинин орун басары.

2.      Галбаев Улукбек Галбаевич- Сүлүктү РЭТнын Кулунду бөлүмүнүн электр куроочусу

3.      Камчиев Келдибек Садирбекович- Баткен РЭТнын электр куроочусу

4.      Бектур Абдипаннап уулу- Лейлек РЭТнын Арка бөлүмүнүн бөлүм башчысы

5.      Мадусаев Халимжон Исмонжонович-Кызыл-Кыя  РЭТнын электр куроочусу

6.      Ибрагим кызы Чыныгул- Баткен электр тармактар ишканасынын кадр бөлүмүнүн тескөөчүсү

7.      Нурлан Саттаров- Баткен РЭТнын электр куроочусу

8.      Ахмедов Шерзод Шавкатович- Сүлүктү РЭТнын газоэлектро ширетүүчүсү

9.      Халдарбеков Эгемберди Исламидинович- Кызыл-Кыя РЭТ электр куроочусу

10.  Мадаминов Акимбек Калботоевич- Лейлек РЭТнын Исфана бөлүмүнүн тескөөчүсү

11.  Шералиев Закиржан Нишанбаевич- Кадамжай РЭТнын Халмион бөлүмүнүн электр куроочусу

 

Бул сыйлыктар – кызматкерлердин үзүрлүү эмгегине болгон урмат-сыйдын жана Баткен облусунун энергетика тармагындагы кадрлардын жогорку деңгээлде иш алып барып жатканынын далили болуп саналат.

 

 “КУЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы жалпы жамааты сыйлык ээлерин чын ыкластан куттуктап, мындан аркы иштеринде дагы ийгиликтерди каалайт!