Колл - борбор: 105,1209

Быйыл Баткенде 8772 даана изолятор жаңыланат

20 Февраль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча иш-пландарынын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы —Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан 220/110/35 кВ аба чубалгыларында жалпысынан 8 772 даана эскирген изоляторду жаңысына алмаштыруу пландалып жатат.

2026-жылга каралган план-графикке ылайык:

     4 200 даана изолятор — Кызыл-Кыя бөлүмү
     1 572 даана  изолятор — Сүлүктү бөлүмү
     3 000 даана  изялятор — Баткен бөлүмү тарабынан эскирген изоляторлор жаңы айнек изоляторлого алмаштырылат.

 Аталган иштер Баткен электр тармактар ишканасынын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул иштердин жыйынтыгында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалы жакшыртылып, керектөөчүлөргө электр энергиясын сапаттуу жана туруктуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.

 Белгилей кетсек, 2025-жылда Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изолятор толугу менен  жаңысына алмаштырылып, 7513  даана жаңы айнек  изоляторлор койулду.