Колл - борбор: 105,1209

Айдаркенде 17 км аба чубалгылары СИП кабелдерге алмаштырылды

23 Январь 2026 ж.

КР Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого жана модернизациялоого багытталган иш-пландарынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан белгиленген иштер планга киргизилип, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген.


Ага ылайык, жабдууларды жаңылоо жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, Баткен электр тармактар ишканасы
нын капиталдык курулуш иштеринин алкагында  авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу жана электр энергиясынын жоготууларын азайтуу максатында Кадамжай райондук электр тармактарынын Айдаркен бөлүмү тарабынан ири көлөмдөгү иштер аткарылды. Атап айтканда, жалпы узундугу 17 км  аба чубалгылары СИП кабелдерге алмаштырылып, 155 даана темир-бетон мамылар орнотулду.

Тактап атйтканда

  • «Поселек-3» фидери аркылуу — 5 км СИП кабель тартылып, 100 даана мамы орнотулду;
  • «Поселек-4» фидери аркылуу — 5 км СИП кабель тартылып, 100 даана мамы орнотулду;
  • «Ормош» фидери аркылуу — 7 км СИП кабель тартылып, 155 даана мамы орнотулду.

 

 

Мындан тышкары, 6-10/0,4 кВ тарамы боюнча 1 даана  630 кВА, 2 даана 400 к кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду. 4800 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Бул иштердин натыйжасында Айдаркен шаарындагы электр энергиясын берүүдө туруктуулук камсыздалып, авариялык абалдардын саны кыскарып, абоненттер сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздалууда.

 Белгилей кетсек, 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш иштеринин алкагында облус боюнча 1880 даана  темир-бетан маы орнотулуп,  6-10/0,4 кВ тарамы боюнча 21 даана жаңы трансформатор орнотулуп, 17 даанасы жаңы шкафка алмаштырылды. Аны менен катар 50 км СИП кабелдер тартылды. 2026-жылда облус боюнча  дагы 60 км СИП кабелдерди тартуу пландалууда.