110/35/10 кВ “Баткен” көмөк чордонунан чыккан узундугу 6,365 км болгон жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы 1959-жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө линиянын техникалык абалы эскирип, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында толук жаңылоону талап кылып келген.
Ушуга байланыштуу, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен райондук электр тармагы тарабынан аталган объект 2026-жылга карата оңдоп-түзөө жана модернизациялоо планына киргизилген.
Учурда аткарылып жаткан иштердин алкагында:
Аталган жумуштар Баткен райондук электр тармагы тарабынан аткарылууда. Бүгүнкү күндө 6,3 км аралыктагы жаңылоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, калган 0,7 км бөлүгүндө монтаждоо жумуштары кызуу темпте улантылууда. Учурда Баткен райондук электр тармагынан 4 атайын техника тартылып, 5 бригададан турган 32 кызматкер иш алып барууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу менен:
Баткен электр тармактар ишканасы мындан ары да электр тармагын жаңылоо, модернизациялоо иштерин ырааттуу жүргүзүп, керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү улантат.