Колл - борбор: 105,1209

Кызыл-Кыя шаарында электр тармактары жаңыланып, СИП кабелдери орнотулууда

8 Апрель 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Кызыл-Кыя райондук электр тармагы тарабынан 110/35/6 кВ “Джин-Джиган” көмөк чордонунун “Джал” фидеринде капиталдык оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

 Аталган иштердин алкагында 6 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеси заманбап СИП (өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган) кабелдерине алмаштырылууда. Бул жаңылоо электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жогорулатууга, жоготууларды азайтууга жана авариялык өчүрүүлөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет.

 Мындан тышкары, эскирген жыгач мамылар этап-этабы менен алынып, алардын ордуна темир-бетон мамылар орнотулууда.

 Белгилей кетсек, бул иштер Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш иштеринин алкагында аткарылып, аймактардагы энергетикалык инфраструктураны жаңылоого багытталган.

 Учурда объектте 1 манипулятор, 1 экскаватор жана 7 квалификациялуу кызматкер иш алып барып, жумуштар белгиленген графикке ылайык ыкчам жана сапаттуу жүргүзүлүүдө. Коопсуздук техникасынын талаптары толук сакталууда.