“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары К. Маркаев Сүлүктү шаарындагы 35/6 кВ «Сүлүктү» жана 35/6 кВ «12-поле» көмөк чордондорунун техникалык абалы менен жеринде таанышты.
Сүлүктү шаарындагы 35/6 кВ «Сүлүктү» көмөк чордону 1956-жылы курулган. Учурда көмөк чордондун жабдууларынын бир бөлүгү эскирип, капиталдык оңдоп-түзөөгө жана этап-этабы менен жаңылоого муктаж.
2026-жылга карата көмөк чордондо:
Бул чаралар шаар керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоого багытталган.
Андан соң К. Маркаев 35/6 кВ «12-поле» көмөк чордону боюнча жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган көмөк чордон мамлекеттин балансына кайтарылып, Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан кайтарымсыз негизде Баткен электр тармактар ишканасына өткөрүлүп берилген.
Өткөрүлүп берилгенден кийин көмөк чордондо:
Учурда объектти толук кандуу ишке киргизүү жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында акыркы техникалык иштер аткарылууда.
Иш сапардын соңунда К. Маркаев пландалган иштердин көлөмү, техникалык чечимдер жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмаларды берди.