“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондук электр тармактарынын кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү жана үй-бүлөдөгү зордук-зоблуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупцияга жол бербөө, кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу, мыйзам талаптарын сактоо тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле коррупциянын кесепеттери, коомго жана мекемеге тийгизген терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аны менен катар жыйындын жүрүшүндө адистер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасири тууралуу кеңири маалымат беришти.