Колл - борбор: 105,1209

Кызыл-Кыяда 15 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

12 Июнь 2026 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, электр тармактарын алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо максатында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан пландуу оңдоо иштерин жүргүзүү улантылууда. Анын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын Кызыл-Кыя бөлүмү тарабынан 2026-жылга пландалган 15 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, план 100 пайыз аткарылды.

 Мындан тышкары, 2026-жылга карата 588,106 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүү каралган болсо, бүгүнкү күнгө карата анын 213,7 чакырымы аткарылды. Мындан ары эскирген изоляторлорду жаңысына алмаштыруу жумуштары уланат.

 Белгилей кетсек, жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын Кызыл-Кыя бөлүмү жалпы 603,356 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлейт. Анын ичинде:
🔹 35 кВ аба чубалгылары — 207,274 чакырым
🔹 110 кВ аба чубалгылары — 222,890 чакырым
🔹 220 кВ аба чубалгылары — 173,192 чакырым

 Жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө жумуштары электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.