Колл - борбор: 105,1209

Кызыл-Кыяда 8 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары жана 16 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

22 Май 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча коюлган тапшырмалардын негизинде, Кызыл-Кыя шаарында электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

 Капиталдык оңдоо иштери:

2026-жылга карата 10/0,4 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоонун жалпы планы 100,23 чакырымды түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата анын 8 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле капиталдык оңдоого киргизилген 73 даана трансформатордук көмөк чордондун учурда 16 даанасында иштер толук аяктады.

 Техникалык тейлөө иштери:

6–10/0,4 кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөөнүн жалпы планы 942,63 чакырымды түзүп, анын 306 чакырымы бүткөрүлдү.Мындан тышкары, техникалык тейлөөгө пландалган 414 даана трансформатордук көмөк чордондун 140 даанасында иштер толук аяктады. Аткарылып жаткан иштердин негизинде эски зымдар жана жабдуулар жаңыланып, электр тармактарынын техникалык абалы жакшыртылууда. Натыйжада Кызыл-Кыя шаарынын тургундары үчүн электр жарыгынын өчүп калуу учурлары азаят. Өзгөчө күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын туруктуулугу жогорулап, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

 Аны менен катар 2026-жылдын башынан тарта капиталдык курулуш иштеринин алкагында эскилиги жеткен электр мамыларын жаңылоо иштери да улантылууда. Жалпы пландалган 502 даана темир-бетон мамынын бүгүнкү күнгө карата 328 даанасы орнотулду. Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 Ошондой эле, алдыдагы жумуш пландарына ылайык, 0,4 кВ аба чубалгыларында 5 чакырым СИП-2 өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарын жана 6–10 кВ аба чубалгыларында 36 чакырым СИП-3 кабелдерин тартуу иштери аткарылат. Заманбап СИП зымдарынын орнотулушу менен аба чубалгыларынын үзүлүп кетүү, кыска туташуу жана шамалдан жабыркоо коркунучу азайтат.

 Кызыл-Кыя РЭТи тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул иштер аймактагы электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жана күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө багытталган.