Колл - борбор: 105,1209

Лейлек жана Сүлүктүдө коррупциянын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

26 Февраль 2026 ж.

Кыргызстан улуттук электр тармактары ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Лейлек жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары К. Маркаев, Сүлүктү жана Лейлек райондук электр тармактарынын жетекчилери жана кызматкерлер катышты

 Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупцияга жол бербөө, кызматтык милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу, мыйзам талаптарын сактоо тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле коррупциянын кесепеттери, коомго жана мекемеге тийгизген терс таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Иш-чарада кызматкерлерди ачык-айкын иштөөгө, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланбоого жана ар кандай мыйзам бузууга жол бербөөгө чакырык жасалды. Мындан сырткары, иш процессинде адилеттүүлүктү, жоопкерчиликти жана тартипти сактоо маанилүү экени белгиленди.

 Мындай жыйындардын негизги максаты — кызматкерлер арасында укуктук түшүнүктү жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана ишкананын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп саналат.