Колл - борбор: 105,1209

Лейлек районунда эскилиги жеткен электр тармагына капиталдык реконструкция иштери жүрүп жатат

31 Июль 2025 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактары ишканасынын Лейлек РЭТ тарабынан 2025-жылдын бекитилген капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иш-планынын алкагында, Лейлек районундагы ири фидерлердин бири болгон 10кВ «Совхоз Лейлек» линиясына капиталдык оңдоо иштери баштады.

 

10кВ «Совхоз Лейлек»  фидери 1964-жылы курулган. Жалпы узундугу 65 чакырымды түзөт. Ал 35/10кВ «Исфана» подстанциясынан тартып, Раззаков шаар мэриясына караштуу Притравка, Кара-Суу, Жаны-Абад участкаларын, ошондой эле Сумбула айыл аймагын толугу менен электр энергиясы менен камсыздап келет.

 

Учурда фидерге 14,6 чакырым узундуктагы бөлүгүнө реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Эскилиги жеткен жыгач мамычалардын ордуна заманбап жана бышык 365 даана темир-бетон мамылар орнотулат.Аны менен катар электр зымдары СИП-3 кабели менен алмаштырылат.

 

Фидерге 80 комокчу чордон туташкан жана жалпы 3941 абонентке кызмат көрсөтүлөт.Жумуштар Лейлек райондук электр тармактарынын кызматкерлери тарабынан аткарылып, аймакты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу менен катар авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу, техникалык жоготууларды азайтуу, электр коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт.

 

Белгилей кетсек, Баткен ЭТИ  мындай жумуштарды облустун башка аймактарында улантууда. Бул – аймактагы инфраструктураны жаңыртуу менен катар, калктын турмуш шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам.